«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 2 650.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом
Металл (проба) Күмүш 925 проба
Cалмак 28.28
Диаметр 38.61
Сапат «Proof»

Жазуу

«Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» коллекциялык монетасы
 
Биздин замандын IX – X кылымдар аралыгындагы доор кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Бул мезгил аралыгында кыргыздар «Улуу кыргыз каганаты» деген ат менен белгилүү болуп, дүйнөлүк тарыхта өчпөс изин калтырган. Улуу кыргыз каганаты доорунда кыргыздарда башка тармактар менен катар кол өнөрчүлүк кыйла өнүгүп, адамдар буюмдарды жогорку чеберчиликте жасоого жетишкен.  
Кыргыз маданиятына көбүрөөк мүнөздүү болгон карапа жасоо өнөрү биздин замандын VI-X кылымдарына туура келет. Ошол мезгилде жасалган карапа идиштери  жогорку чеберчилиги, көпкө сакталган бышыктыгы менен айырмаланып, оймо-чиймелер менен кооздолгон кумуралар тарыхта «Кыргыз вазасы» деген аталышка ээ болгон. Кумураларга оюулар чегүү ыкмасында түшүрүлгөн, ал эми археологиялык казууларда табылган кумуралардын айрымдарында ошол идиштин ээсинин эн тамга белгиси оюлуп түшүрүлгөнүн көрүүгө болот.
(материал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан алынды)
«Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» коллекциялык монетасы кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган.
Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө «Кыргыз кумурасы / Kyrgyz vase» жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген.
Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргыз Республикасынын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу берилген. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).
Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024