Товар жеткирүү

Нумизматикалык монеталарды (мындан ары – Товар) жеткирүү Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашырылат.

Көңүл буруңуздар! Товардын жалпы салмагы дароо эсептелинип, ал өзүнө монетанын, монета менен чыгарылган таңычактын жана жеткирүү кызматынын конвертинин же кутусунун салмагын камтыйт. 

Жеткирип берүү наркы  региондун аралыгына  жана Товардын салмагына жараша «Кыргыз почтасы» жана курьердик кызмат көрсөтүү ишканасынын белгилеген тарифтерге ылайык аныкталат.

1. Жеткирүү Бишкек шаары боюнча  ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын саат 9.00 дөн 17.00 го чейин   буйрутма алгандан кийин жүргүзүлөт.

2. Регион боюнча жеткирүү  жайгашкан аралыгына жараша, 3 жумуш күнүнөн  8 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

3. Жеткирүү Буйрутма каттоодо көрсөтүлгөн Кардарга же ишеним кат таризделген адамга гана берилет. Юридикалык жактар үчүн — буйрутма ыйгарым укуктуу адамдар же ишеним көрсөтүлгөн адамдар тарабынан (инсандыгын тастыктаган документтин, буйрутма кабыл алууга ыйгарым укугун тастыктаган талаптагыдай тариздетилген документтин болушу милдеттүү) гана кабыл алынат.

4. Товарды буйрутмада көрсөтүлгөн дарек боюнча Кардарга жеткирүү  бир гана жолу аракет жасалат, буйрутмада көрсөтүлгөн дарек боюнча биринчи  жеткирүүдө Кардар жок болсо, ага билдирүү калтырылат да, Товар түздөн-түз  почта байланыш бөлүмүндө же курьердик кызматтын кеңсесинде  берилет.

5. Эгерде Кардар товарларды жеткирип берүүгө Visa, MasterCard, Элкарт төлөм карталары аркылуу төлөп берген болсо, анда жеткирүү накталай эмес төлөмдөрдүн жүргүзүлгөндүгү жөнүндөгү банктан кабарлоону алган күндөн тартып жеткирилет.

6. Кардар белгиленген төлөм менен төлөө кызматын тандаган учурда  «Кыргыз почтасынын» же курьердик кызматтын өкүлүнө буйрутмадагы Товардын наркын жана жеткирүүгө кеткен чыгымдарды: жөнөтүүнүн наркы+ камсыздандыруу үчүн төлөө + белгиленген төлөмдүн акчалай которуусун жөнөтүү үчүн белгиленген төлөмдүн суммасынан 2% комиссиялык сый акы + курьердик кызмат көрсөтүү үчүн төлөө + таңгакталган материалдын наркы  + салыктарды төлөөгө тийиш. 

Көңүл буруңуздар! Кардар Товарды алып жаткан учурда жанында инсандыгын тастыктаган  документ болууга тийиш. Курьер ушул документ болгон шартта гана Товарды берет.

Көңүл буруңуздар! Региондорго жеткирүү Товарды алган күндөн тартып 3 (үч) күндөн 8 (сегиз) күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

Көңүл буруңуздар! Сатылган Товар кайтарылбайт жана алмашылбайт. Буйрутма жана жеткирүү  боюнча маселе/көйгөй келип чыккан шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгына 66-91-19, 66-92-31  телефону, bmesengulova@nbkr.kg электрондук дарек боюнча кайрылуу зарыл. 


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024