Коопсуздук саясаты

1. Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча numizmat.nbkr.kg веб-сайты Сиздерден алынган маалымат, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жагдайларды эске албаганда, кандай болбосун шартта үчүнчү жактарга сунушталбай тургандыгын гарантиялайт.

2. Сиз каттоо учурунда көрсөткөн бардык маалымат купуя сакталат.

3. Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча numizmat.nbkr.kg веб-сайты байрутманы аткарууда маалыматтын толук купуя сакталышын камсыз кылат жана кардар жөнүндө маалымат буйрутманы аткаруу үчүн гана пайдаланылат.

4. Каттоо маалыматтары биздин кызматкерлер сиз менен байланышуусу үчүн, ал эми жеткирүү кызматына сиз буйрутма берген продуктту мөөнөтүндө жеткирүүсү үчүн талап кылынат.

5. Көптөгөн сайттар сыяктуу эле numizmat.nbkr.kg веб-сайты корзина менен иштөө мүмкүнчүлүгүн сунуштаган cookie технологиясын колдонот, ал аркылуу Сиз менен түз байланышууга болот.  

6. Бул сайтта чагылдырылган маалымат маалымдоо мүнөзүнө гана ээ жана ага алдын ала билдирүүсүз кандай болбосун өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

7. Мындай ыкмада төлөө учурунда пластик карттагы маалыматты же кандай болбосун башка купуя реквизиттерди көрсөтүү талап кылынбайт.

8. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй сунуштар берилет:

·         паролду мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу зарыл жана ал жөнөкөй болбоого тийиш;

·         белгисиз булактан келип түшкөн жана шектенүүнү жараткан шилтемелерди ачпоо зарыл;

·         вируска каршы каражаттарды пайдаланып, алардын базасын улам жаңыртып туруу зарыл;

·         фишингден (сайтты жасалма сайтка алмаштыруу ыкмасы) коргонуу максатында, авторизациялоодон мурда ал сайттын дарегин текшерүү зарыл. Мисалы, биздин сайттын дареги https://numizmat.nbkr.kg деп башталууга тийиш.

 

9. Суроолор болсо numizmat@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө же  0312-66-92-19 , 0312-66-92-31  телефондору аркылуу кайрылууга болот. 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024