Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 3 040.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом
Металл (проба) Күмүш 925°
Cалмак 31,10 грамм
Диаметр 38,61 мм
Сапат Proof

Жазуу

«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» коллекциялык монетасы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган. Бул монета ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын эл аралык монета чыгаруу программасынын алкагында чыгарылган.

ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн түстүү ыкмада берилген туулары менен бирге түшүрүлгөн «5» саны монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете «Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз» деп жазылган.

Монетанын арткы бетинде биригүүнүн символу катары жер шарынын элеси берилип, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук оюулары жана «5» саны түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган. Жогору жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деп жазылып, оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы (31,10g) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги болуп саналган сомдун графикалык белгиси баш тамга менен асты сызылып берилген (С). Белгинин астындагы сызык улуттук валютанын туруктуулугун билдирет. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2019