«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 4 820.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом
Металл (проба) Ag 925
Cалмак 28,28
Диаметр 38,61
Сапат proof
Кошумча технологиялар түстүү басма

Жазуу

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралгандыгын тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү дата болуп саналат. Кыргыз автономиялуу облусу азыркы учурдагы эгемендүү мамлекеттин бардык атрибуттары менен иш жүзүндө Кыргыз Республикасын түзүү үчүн саясий-укуктук негиз болгон.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары «Ала-Тоо» тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында «Ала-Тоо» тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан.

Монетанын арткы бетинде «Ала-Тоо» тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» жазуулары түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – «2024», металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024