«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» жез-никель монетасы

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 380.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Металл (проба) жез-никель
Cалмак 12грамм
Диаметр 30 мм
Сапат Proof-like

Жазуу

«Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» жез-никель монетасы
 
Улуттук кийимдин бир бөлүгү катары кыз-келиндер тагынган негизги зер буюмдарынын бири болуп сырга эсептелет. Сырга негизинен күмүштөн жасалган, айрым учурларда сырга зер буюмдарын жасоонун «сыялоо», «сирке төгүү», «тогуз төбөлөө», «чапкылоо», «тордоо», «эшүү», «сомдоо» өңдүү ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен асыл таштар чөгөрүлүп, ошондой эле алтын жалатылып да жасалып келген. Кыргыздардын зер буюмдары түрдүү жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн татаал чырмалышкан комбинациясы, геометриялык чиймелер, акырет жана астралдык түшүнүктөр менен кооздолуп жасалгандыктан, зер буюмдары көп учурда тумар катары да колдонулуп келген.
Сырга – кыргыз элинин маданиятында өзгөчө орунду ээлеп келген жана өзүнүн баалуулугун бүгүнкү күндө да жоготкон жок. Алсак, кызды турмушка узатуу, куда түшүү, үйлөнүү сыяктуу улуттук каада-салттарыбыз кыздын ата-энесинин үйүнө барып кулагына сырга (сөйкө) салуу жөрөлгөсү менен коштолот. Мындай жөрөлгө куда түшүүнүн башталышы, сыр билги адамдардын сырдана мамилеси, ич ара кадыр туткан каада-салты болуп саналат.
            «Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» жез-никель монетасы кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган.
Түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө желбирөөчтү тагынган кыздын образы монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп саналат. Монетанын сол тарабында орун алган «Улуу кыргыз каганаты» орхон-енисей рун тамгалары менен жазылган.
Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган, ал эми оң жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).
Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.  
Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024