Мүнөздөмөлөр
Монетанын өзгөчөлүктөрү | |
Номинал | 10 сом |
Металл (проба) | күмүш 925° |
Cалмак | 28.28 |
Диаметр | 38.60 мм |
Сапат | "uncirculated" |
Жазуу
"Тоодак" күмүш монетанын алдынкы бетине сейрек кездешүүчү тоодак кушунун көркөм кооз келбети рельефтик ыкмада түшүрүлгөн. Мында түстү өзгөртүү технологиясы колдонулган. Куштун элесин айланта түшүрүлгөн чөптөр алтын түстө чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө анын номиналы, ал эми төмөнкү бөлүгүндө "Тоодак" деп кыргызча аталышы жана бул түрдүн "Otis tarda" деген латынча аталышы берилген.