«Сомго 30 жыл»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 4 110.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом
Металл (проба) Ag 925
Cалмак 28,28 г.
Диаметр 38,61 мм.
Сапат "Proof"

Жазуу

«Сомго 30 жыл» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары ар башка жылдарда чыгарылган банкноттордун фрагменттеринин үстүнө «30» саны жана сомдун графикалык белгиси «С» түшүрүлгөн. Монетанын оң жана сол жагында жүгүртүүдөгү монеталардын сүрөттөрү жайгаштырылган. Монетанын жогору бөлүгүндө монетанын аталышы: «Сомго 30 жыл / Сому – 30 лет», ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28.28 g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинде көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы кагаз тыйындарында колдонулган саркеч улуттук оймо-чийменин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четинде тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2023).


Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024