«Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 5 780.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом
Металл (проба) күмүш (Ag 925)
Cалмак 31,1 грамм
Сапат Proof
Кошумча технологиялар Түстүү ыкма

Жазуу

2024-жылдын 29-майында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толот. Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) - мүчө мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, капитал жана эмгек ресурстары рыногун түптөөгө умтулуу, мүчө мамлекеттердин калкынын жашоо-турмушун жогорулатуу үчүн улуттук экономикалардын атаандашуу мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу модернизациялоо, кооперациялоо жана жогорулатуу максатында түзүлгөн регионалдык экономикалык интеграция боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Азыркы учурда ЕАЭБге беш өлкө кирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия.

            «Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинде ЕАЭБдин расмий эмблемасы чагылдырылган, эмблеманы тегерете ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин желектери, ошондой эле өнүгүү динамикасын билдирген элементтер чагылдырылган. Монетанын сол жагында ЕАЭБдин юбилейлик датасы - «10 жыл» деген жазуу жайгашкан. Монетанын жээгинде «Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз» деген жазуу түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетинин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан, ал эми оң жагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук орнаменттери, ошондой эле металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (31,10 g) чагылдырылган. Монетанын жогору жана төмөн жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу, ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), сомдун графикалык белгиси (С) жана чыгарылган жылы «2024» чагылдырылган.

«Евразия экономикалык бирлигине – 10 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024