Мүнөздөмөлөр
Монетанын өзгөчөлүктөрү | |
Металл (проба) | Күмүш Ag 925 |
Cалмак | 500 грамм |
Диаметр | 90 мм. |
Сапат | «Proof» Кошумча технология: жогорку рельеф; оксидирлөө |
Жазуу
«Тай туяк» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин ХIX кылымдарда
акча жүгүртүү чөйрөсүндө колдонулган күмүш куймасы - тай туяктын сүрөтү түзөт. Монетанын
жогору жагында анын аталышы, ошондой эле монетанын сапат белгиси (Ag 925)
жана салмагы (500 g) жайгашкан, ал эми монетанын төмөн жагында анын номиналы
(500 с) көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы бетинде кыргыз тоолору
жана кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн, бул сүрөттөлүш негизинен байыркы менен азыркы
доорду бириктирген негизги идеяны түшүндүрөт. Монетанын борборунда Кыргыз
Республикасынын герби берилген. Монетанын четинде тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики
/ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу жайгашкан. Монетанын төмөн
жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн.
«Тай-туяк» күмүш монетасы Улуттук банк тарабынан
чыгарылган салмагы 500 грамм жана номиналы 500 сом болгон алгачкы монета болуп
саналат.