«Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 50 660.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Cалмак 7,78 гр
Диаметр 22,6 мм.
Сапат Proof

Жазуу

Алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон,  жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» (30 лет) деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу «100 С» көрсөтүлгөн. Монетанын аталышы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл / Независимой Кыргызской Республике – 30 лет» монетаны тегерете түшүрүлгөн.

            Монетанын арткы бетинде улуттук оюулар менен шырдактын – кийиз килемдин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), ал эми монетанын оң жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн. 

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024