«Кыргыз күрөш»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 620.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 1 сом
Металл (проба) жез-никель
Cалмак 12,0 грамм
Диаметр 30,00*30,00
Сапат Proof-like

Жазуу

Монетанын сүрөттөлүшү

Көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар  монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби  жана «Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh» жазуусу түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында  номиналы (1 сом)  көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (CuNi) жана салмагы  (12,00 g) берилген.

Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган.  Ал эми оюу-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games» жазуусу түшүрүлгөн.

Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.  

Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024