«Кыргыз боз үйү» жез-никель монетасы

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 450.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Металл (проба) Жез-никель
Cалмак 12 гр.
Диаметр 30 мм
Сапат "Proof-like"

Жазуу

Монетанын алдыңкы бетине чагылдырылган боз үйдүн сүрөтү негизги сюжетти түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Боз үй» жазуусу орун алып, төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги - сом белгиси баш тамга менен асты сызылып баса көрсөтүлгөн, бул улуттук валютанын туруктуулугун тастыктоонун бир белгиси болуп саналат.

Боз үйдүн сөлөкөтү берилген монетанын арткы бетинин борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу орун алган. Монетанын төмөн жагында чыккан жылы (2018) көрсөтүлгөн. 

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024