"Тамга" кумуш монетасы

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 2 600.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом
Металл (проба) Серебро 925° с напылением золотом 999°
Сапат «proof» 
Тираж (даана)  1000
Кошумча технологиялар

Жазуу

Алтындан түшүрүлгөн тамга – кыргыз элинин укумдан тукумга өтүп келген жалпы белгиси монетанын алдыңкы бетинин өзөктүү элементи болуп саналат. Монетанын композициясы Кыргыз каганатынын Сибирден тартып Борбордук Азияга чейинки кеңири аймакты камтып, гүлдөп-өнүккөн, таасири күч алган мезгилин чагылдырат: бул, аалам эгеси көк тиреген тоолор, ачык асман алкагында ыйык бугу-эненин мүйүзүнүн сүрөттөлүшү, алтайды мекендеп өскөн бак-дарактар, кызыл карагайлар, кыргыз каганатынын жоокерлеринин элестери. Алдыңкы катарда тигинен түшүрүлгөн “Тамга” деген жазуу, сол жагында металлдын сапат белгиси, ал эми оң жагында – монетанын салмагы көрсөтүлгөн. Монетанын номиналы төмөн жагында берилген. Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми монетаны айланта жалпы кыргыз тамгасынын кыргыз урууларына таандык ар кандай варианттары түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө “Улуу Кыргыз каганаты” жазуусу, ал эми төмөнкү жагында – монетанын чыгарылган жылы (2015) берилген.  

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2019