Мүнөздөмөлөр
Монетанын өзгөчөлүктөрү | |
Номинал | 10 сом |
Металл (проба) | Ag 925° |
Cалмак | 28.28 гр |
Диаметр | 38,61*28,81 мм |
Сапат | proof |
Жазуу
"Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясынын монеталарынын арткы бетинде Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүн чагылдырган сүрөттөлүштөр түшүрүлүп, "Кыргызстан Кызыл китеби" сериясынын кыргызча аталышы, Кыргыз Республикасынын герби жана монета чыгарылган жылы берилген.
«Эдуард чаар гүлү (Айгүл гүлү)» күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин кырка тоолордун кучагында өзгөчө (тампондук) ыкмада түшүрүлгөн керемет гүлдүн сүрөттөлүшү түзөт. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө кыргыз тилинде «Айгүл гүлү» жана латын тилинде «Fritillaria eduardii Regel» жазуусу, төмөн жагында анын номиналы (10 сом) чагылдырылган. Монетанын сол бөлүгүндө металл пробасы (Ag 925°), оң бөлүгүндө – монетанын салмагы (28,28g) көрсөтүлгөн.