Мүнөздөмөлөр
Монетанын өзгөчөлүктөрү | |
Номинал | 10 сом |
Металл (проба) | күмүш 925° |
Cалмак | 31,1 |
Диаметр | 38.60 мм |
Сапат | «proof» |
Жазуу
Коллекциондук "Бугу эне" монетасы ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн баалуу металлдарынан коллекциондук монеталарды жасатуу жана сатып өткөрүү боюнча Эл аралык программанын чегинде чыгарылган. ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылган коллекциондук монеталардын бардык сериясын бириктирген негизги элементи ЕврАзЭСтин эмблемасы болуп саналат. монетанын алдыңкы бетинде Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестиндеги бугу эне жөнүндө уламышы колдонулган жана түстүү эмаль менен капталган ЕврАзЭС эмблемасы түшүрүлгөн.