Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 2 800.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом  
Металл (проба) Ag 925°  
Cалмак 28.28 гр
Диаметр 38.61 мм 
Сапат proof-like 
Тираж (даана)  1000

Жазуу

"Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери" коллекциялык монетасы –Улуу Кыргыз каганатынын түптөлүшүнүн 1170-жылдыгына арналган "Кыргыз каганатынын доору" сериясында чыгарылган төртүнчү монета. Келбети келишкен кыргыз жоокерлердин таасирдүү элеси алкагында өзгөчө технологияны колдонуу менен түшүрүлгөн жаачы жоокердин келбети монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетаны тегерете "Легковооруженный воин Кыргызского каганата/ Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери" жазуусу түшүрүлгөн. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы (10 сом) чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жана жаачы жоокерлер элеси түшүрүлгөн. Монетанын сол жактагы бөлүгүндө металл пробасы (Ag 925°), оң бөлүгүндө – монетанын салмагы (28,28 г.) көрсөтүлгөн. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө "Улуу Кыргыз каганаты" жазуусу, ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2016) берилген.  

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2019