Мүнөздөмөлөр
Монетанын өзгөчөлүктөрү | |
Номинал | 10 сом |
Металл (проба) | күмүш 925° |
Cалмак | 28.28 |
Диаметр | 38.60 |
Сапат | «proof» |
Жазуу
Кыз куумай" монетасы "Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар" сериясынын көч башы болгон алгачкы монета. Кырка тоолордун алкагында атчан кубалашып бара жаткан кыз менен жигиттин элеси монетанын алдыңкы бетинин негизги элементи болуп саналат. Монетанын оң жагында – металлдын сапат белгиси жана монетанын салмагынын көрсөтмөсү берилген монетанын жогорку бөлүгүндө "Кыз куумай" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө – монетанын номиналы чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми аны айланта ат үстүндө кубалашып бара жаткан кыз-жигиттин элеси түшүрүлгөн. Монетаны айланта оюндун кызыгына батып, ага көз салып отурган көрүүчүлөрдүн элеси. Арткы бетинин жогорку бөлүгүндө "Улуттук спорт жана элдик оюндары" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө – монетанын чыгарылган жылы (2015) келтирилген.