«Кыргыз күрөш» күмүш монета

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 2 965.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом
Металл (проба) Күмүш (Ag 925°)
Cалмак 31,10 грамм
Диаметр 38,61*38,61 мм.
Сапат Proof

Жазуу

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык монеталары улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылган жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.

Кыргыз күрөш – кыргыз элинин улуттук спорт оюндарынын байыркы түрлөрүнүн бирине кирет, мында беттешкен эки тарап атаандашын эки кол менен курунан кармап күрөшөт. 

Эл арасында айтылган уламыштар, үлгү-насаат кептер жана тарыхый даректүү булактар аты таанылган балбандар жөнүндө көптөгөн маалыматтарды камтыйт. Ал эми күрөштүн  өзү  салттуу маданияттын бир бөлүгүнө айланып, азыркы учурда да өзүнүн ээлеген маанилүү ордун жоготпой келет. Курду кармап күрөшүү көчмөндөрдүн салттуу спорт оюндарынын ичинен башкы оюндардын бири. Ушул себептен «Кыргыз күрөш» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөрүлүүчү мелдештердин тизмесине киргизилген жана спорт программасынын ичинен көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан эң эле кызыктуу оюндардын түрлөрүнүн бири болуп саналат.


Монетанын сүрөттөлүшү

Көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар  монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби  жана «Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh» жазуусу түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында  номиналы (10 сом)  көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы  (31,10 g) берилген.

Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган.  Ал эми оюу-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games» жазуусу түшүрүлгөн. Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024