Мүнөздөмөлөр
Монетанын өзгөчөлүктөрү | |
Металл (проба) | Күмүш (Ag 925°) |
Cалмак | 28.28 |
Диаметр | 38.61 |
Сапат | proof |
Жазуу
Кыргыз
элинин баа жеткис көркөм маданиятын даңазалоо максатында Улуттук банк «Улуттук
музыкалык аспаптар» сериясындагы
«Комуз» коллекциялык күмүш монеталарын чыгарууда.
Комуздун
сүрөттөлүшү күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Анын чок
ортосунда монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Сол жак бөлүгүндө монетанын
атылышы «Комуз» жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°), оң жагында
монетанын латын тамгасында берилген аталышы «Komuz» жана салмагы (28,28г)
чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын
герби, борбордук бөлүгүндө комузда кол ойноп чертип жаткан комузчунун элеси,
музыкалык аспаптын алкагында түшүрүлгөн. Монетанын
төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2018), сол жагында «Улуттук музыкалык
аспаптар» деген жазуу тигинен жайгаштырылган.