«Тайган жарыш»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 8 900.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Жазуу

«Тайган жарыш» монетанын алдыңкы бетине кыргыз тоолорунун фонунда жарышка катышкан үч тайгандын элеси түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө монетанын аталышы «Тайган жарыш» деген жазуу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эмблемасы жайгаштырылган. Ал эми төмөнкү бөлүгүндө атайын стилде түшүрүлгөн гүл түрүндөгү улуттук оймо-чийме, монетанын номиналы (10 сом), металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинин жогорку жана сол бөлүгүндө «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жана кыргыздын накта күлүк итинин тукуму болгон тайгандын башы чоңойтулуп чагылдырылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2026). 

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2026