«Улуу Жеңишке 75 жыл» жез-никель монетасы
- Жеткиликтүү: Кампада
-
425.00 сом
Мүнөздөмөлөр
Монетанын өзгөчөлүктөрү | |
Металл (проба) | Жез никель CuNi |
Cалмак | 12,0 гр. |
Диаметр | 30,00 мм. |
Сапат | Proof-like |
Жазуу
1 сом номиналындагы «Улуу жеңишке
75 жыл» жез-никель монетасынын дизайны бирдей аталыштагы күмүш монетасынын
дизайны менен туура келет. Ар бир жез-никель монетасы акрил капсуласына
жайгаштырылган жана чөнөктүү таңычактарга салынган.
Монетанын
алдыңкы бетинин негизги сюжети тынчтыкты
даңазалаган көгүчкөн
түшүрүлгөн, анын арткы фонунда -Рейхстаг дубалы Кызыл Армиянын солдаттарынын
жана офицерлеринин “Жеңиш автографтары” менен. Монетанын жогору жагында «Улуу
Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу, ал эми төмөн жагында монетанын
номиналы (1) жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин, сомдун графикалык
белгиси – С чагылдырылган.
Монетанын арткы
бетинде «75» деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплекси
түшүрүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой
Победе» жазуусу жана Кыргыз Республикасынын герби көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн
жагында кайраттуулук менен эрдиктин символу катары гвоздика гүлү түстүү басма
менен түшүрүлүп жана монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн.