1. НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР:

Кардар –  numizmat.nbkr.kg сайтында буйрутма тариздеген, жеке адам же юридикалык жак

Аткаруучу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.

numizmat.nbkr.kg  веб-сайты -  бул, интернет түйүнүнө жайгаштырылган, Аткаруучуга таандык сайт, анда Кардар сатып алуу үчүн Аткаруучу тарабынан сунушталган, нумизматикалык баалуулуктар (мындан ары - Товарлар), ошондой эле Товарларга төлөө жана жеткирүү шарттары берилген.   numizmat.nbkr.kg веб-сайты Аткаруучунун менчиги болуп саналат.   

Товар – Аткаруучунун веб-сайтында сатууга сунушталган нумизматикалык баалуулуктар. 

Буйрутма – бул, Кардардын numizmat.nbkr.kg веб-сайттында тандалып алынган, товарларды сатып алууга жана көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирүүгө талаптагыдай тариздетилген талабы. 

Товарды жеткирүү – «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы(мындан ары Кыргыз почтасы) жана курьердик кызмат аркылуу (Улуттук банктан кардардын үйүнө чейин) «үйдөн үйгө» принциби боюнча жеткирүү кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу.

Товар үчүн  төлөө – Нак же нак эмес формада,  «Visa», «Мastercard» жана «Элкарт» сыяктуу карттар менен Товарга төлөө.

Курьер –  Кыргыз почтасынын кызматкери жана курьердик кызматты көрсөтүүчү ишкананын курьери. 

Банк – «Демир Кызгыз Интернэшнл Банк»


1.1. numizmat.nbkr.kg веб-сайты Аткаруучуга таандык жана ал тарабынан башкаруучулук кылынат.

1.2. Кардар numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу Товарларга буйрутма берүү менен  товарларды сатуунун төмөндө көрсөтүлгөн шарттарына макул болот.

1.3.  Товарларды сатуунун ушул шарттары, ошондой эле numizmat.nbkr.kg веб-сайтында берилген, Товар тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесине ылайык  ачык сунуш болуп саналат. 

1.4. Кардар буйрутманы тариздөө учурунда Товарларды сатуу шарттарына «Буйрутманы тариздөөнү аяктоо» баскычын басуу аркылуу макулдугун билдирет.

1.5. Аткаруучу кандайдыр бир атайын билдирүүсүз ушул келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат, ушуга байланыштуу Кардар Келишимдеги өзгөртүүлөргө улам көз салып турууга милдеттүү.  Келишимдин жаңы редакциясы  ушул баракчага жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде анын жаңы редакциясында башкасы каралбаса. 

2. САЙТКА КАТТАЛУУ 

2.1.  numizmat.nbkr.kg веб-сайттында  катталуу Буйрутманы тариздөөдө милдеттүү болуп саналат. 

2.2. Аткаруучу  каттоо учурунда Кардар тарабынан сунушталган маалыматтардын аныктыгына жоопкерчиликтүү болбойт.

2.3. Кардар каттоо учурунда көрсөтүлгөн логинди жана паролду үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого милдеттенет. Кардарда логиндин жана паролдун коопсуздугу жана алардын үчүнчү жактар тарабынан санкциясыз колдонулуп жатышы жагында шектенүү пайда болсо, ал бул тууралуу bmesengulova@nbkr.kg дареги боюнча электрондук кат жөнөтүү менен  Аткаруучуга токтоосуз маалымдоого милдеттенет. 


3. БУЙРУТМАНЫ ТАРИЗДӨӨ ЖАНА АТКАРУУ МӨӨНӨТТӨРҮ 

3.1. Кардар Буйрутманы numizmat.nbkr.kg веб-сайттында өз алдынча тариздей алат. 

3.2. Кардар  numizmat.nbkr.kg веб-сайтында Товарды өз алдынча тандап, буйрутманы тариздөө үчүн аны Себетке жайгаштырат. Товарды Себетке жайгаштыруу буйрутма болуп эсептелбейт, Кардар буйрутманы тариздегенге чейин товарларды Себетке өз алдынча кошуп жана андан алып сала алат.    

3.3. Товарга буйрутма берүү алдында Кардар буйрутма үчүн  төлөө жана жеткирүү эрежелери менен таанышууга милдеттүү.

3.4. Буйрутманы тариздөө учурунда Кардар төмөнкү тилкелерди милдеттүү түрдө толтурууга тийиш:

Аты-жөнү:______________________

Email:_________________________________

Телефону:_______________________________

Жеткириле турган так дареги:

Шаар/айыл_____________________________

Областы/Району__________________________

Почта индекси:_______________________

Көчөсү/№ /№кв.


Көңүл бургула!  Кардардын так дареги боюнча жеткирүү наркы аныкталат.


4. ТОВАР ҮЧҮН ТӨЛӨӨ 

4.1. numizmat.nbkr.kg веб-сайттында көрсөтүлгөн Товардын баасы туруктуу, бирок жеткирүү кызматынын баалары төлөнгөнгө чейин Аткаруучу тарабанын бир тараптуу өзгөртүлүшү мүмкүн. 

4.2.  Тилкелер туура толтурулган учурда Кардар «Төлөө» баскычын басат, андан соң төлөө жана жеткирүү түрүн тандайт:

- Төлөм карттары аркылуу төлөө:  Төлөм карттары аркылуу төлөөдө Кардарда интернет аркылуу финансылык операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган  «Visa», «Мastercard» жана «Элкарт» сыяктуу карттар жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары   3D SecureCode функциясы менен чыгарылган эл аралык төлөм карттар болууга тийиш. 

Төлөм карттары аркылуу төлөөдө Кардар жеткирүү кызматын дагы тандап ала алат.

Бул учурда Кардар жеткирүүнү Кыргыз почтасы же курьердик кызматтар аркылуу же болбосо өзү алып кетүүнү тандай алат. Эгерде жеткирүүнү Кыргыз почтасы же курьердик кызматтар аркылуу тандап алган учурда анда Кардар товардын наркын + 3% камсыздандыруу акысын + курьердик кызмат көрсөтүү акысын салыктары менен төлөйт. 

- Нак эмес эсептешүүлөр үчүн төлөө:  Нак эмес эсептешүүлөр үчүн төлөөнү тандоодо Кардар буйрутманы тариздейт жана акча каражаттарын Улуттук банктын  №1013930100000165 өздүк эсебине чегерет.  Бул учурда кардар «Кыргыз почтасынын» курьердик кызматы аркылуу жеткирүүнү же өз алдынча алып кетүүнү тандап алса болот. 

- Белгиленген төлөм менен төлөө:  Кардар белгиленген төлөм менен төлөөнү тандоодо «белгиленген төлөм менен төлөө» баскычын басат. Кардар белгиленген төлөм менен төлөө кызматын тандаган учурда Кыргыз почтасынын же курьердик кызматтын өкүлүнө буйрутма берилген Товардын жеткирилишинде анын жалпы наркын жана жеткирүүгө кеткен чыгымдарды: жөнөтүүнүн наркы+ камсыздандыруу үчүн төлөө + белгиленген төлөмдүн акчалай которуусун жөнөтүү үчүн белгиленген төлөмдүн суммасынан 2% комиссиялык сый акы + курьердик кызмат көрсөтүү үчүн төлөө + таңгакталган материалдын наркы  + салыктарды төлөөгө тийиш. 

Кардар төлөгөндөн кийин Кыргыз Почтасы же курьердик кызматтар кабыл алынган белгиленген төлөмдүн суммасынан нумизматикалык баалуулуктардын наркын Улуттук банктын эсебине которот. 

Көңүл бургула!  Алган учурда төлөө шартында жөнөтүлгөн, баалуулук катары жарыяланган Товар Кардарга төлөм суммасы толук төлөнүп, анын почта аркылуу жөнөтүлгөндүгү үчүн төлөнгөндөн кийин гана берилет. 

- Өзү алып кетүүдө нак төлөө: Кардар «товарды алууда нак төлөө» төлөмдүн методун жана «өзү алып кетүү» баскычын басат. Бул учурда, Кардар Улуттук банктын кассасына Товар үчүн нак төлөөгө тийиш жана Товарды жеке өзү алып кетиши керек.


5. БУЙРУТМАНЫ ЖЕТКИРҮҮ

5.1. Товар Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча Кыргыз Почтасы же курьердик кызматтар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

5.2. Кардар «өзү алып кетүү» заказын тариздей алат. 

5.3. Жеткирүү наркы  Кыргыз Почтасынын же курьердик кызматтардын белгиленген тарифине ылайык эсептелет.

5.4. Жеткирүү Бишкек шаары боюнча  ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын саат 9.00 дөн 17.00 го чейин   буйрутма алгандан кийин жүргүзүлөт.

5.5. Регион боюнча жеткирүү  жайгашкан аралыгына жараша, 3 жумуш күнүнөн  8 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат. 

5.6. Жеткирүү Буйрутма каттоодо көрсөтүлгөн Кардарга же ишеним кат таризделген адамга гана берилет. 

5.7. Юридикалык жактар үчүн — буйрутма ыйгарым укуктуу адамдар же ишеним көрсөтүлгөн адамдар тарабынан (инсандыгын тастыктаган документтин, буйрутма кабыл алууга ыйгарым укугун тастыктаган талаптагыдай тариздетилген документтин болушу милдеттүү) гана кабыл алынат.  

5.8. Товарды буйрутмада көрсөтүлгөн дарек боюнча Кардарга жеткирүү  бир гана жолу аракет жасалат, буйрутмада көрсөтүлгөн дарек боюнча биринчи  жеткирүүдө Кардар жок болсо, ага билдирүү калтырылат да, Товар түздөн-түз  почта байланыш бөлүмүндө же курьердик кызматтын кеңсесинде  берилет. 

5.9. Белгиленген төлөм менен төлөө шартында сактоо мөөнөтү берүү пунктуна келип түшкөн учурдан тартып 30 календардык күндү түзөт. Алгачкы 5 (жумуш) күнү ичинде акысыз сакталат, ал эми 6 (алтынчы)  жумуш күнүнөн тартып Кыргыз почтасынын жана курьердик кызмат көрсөтүү ишканасынын бекитилген тарифине ылайык акы алынат. 

5.10. Буйрутманы республика ичинде жеткирүүгө тарифтер «Жеткирүү» баракчасында берилген. 

6. ТОВАРДЫ КАЙТАРЫП БЕРҮҮ 

6.1. Кардар буйрутма берилген Товардан аны алганга чейин каалаган учурда баш тартууга укуктуу.

6.2. Товардын тышкы көрүнүшү жана  бүтүндүгү, ошондой эле бүтүндөй буйрутманын бүтүндүгү  Аткаруучунун жооптуу кызматкеринен буйрутманы алуу учурунда Курьер тарабынан, ал эми Курьерден алуу учурунда Кардар тарабынан текшерилүүгө тийиш.

6.3. Эгер Аткаруучунун ыйгарым укуктуу адамынан Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү учурунда Курьер Товардын кемчиликтерин (монетада кемтик, так, түсүнүн өзгөрүшү) аныктаган шартта, Аткаруучунун ыйгарым укуктуу адамы ал Товарды сапатуу (талаптагыдай сапатка ээ - өндүрүштүк кемтиги жок, сайттагы сүрөттөлүшүнө дал келген Товар эсептелинет) Товарга алмаштырып берүүгө милдеттүү.

6.4. Товарды жеткирүүдө Кардар, товардык коштомо кагазга кол коюу менен «Буйрутмачы» деген графада Товардын тышкы көрүнүшүнө, санына жана бүтүндүгүнө доосу жок экендигин тастыктайт.

6.5. Кардар сапаты талапка жооп берген Товарды алуудан баш тарткан учурда:

- Курьер Аткаруучуга бул тууралуу маалымдайт;

- Курьер Товарды Улуттук банка кайтарып берет.

- Кардар эки тарапка кеткен курьердик жеткирүү чыгымдарды төлөп берүүсү милдеттүү. 

6.6. Кардар Товардын кемтигин аныктаган жана аны алмаштырууну талап кылган  шартта, Улуттук банк:

- Товарды Курьерге бергенге чейин;

- Курьер  Товарды алгандан кийин;

- жана башка жагдайларда  кемтиктин орун алуу себептерин иликтөөгө милдеттүү.

6.7. Эгер Товардын кемтиги Кардарга берип жаткан учурда аныкталса, кемтикти сүрөттөө менен акт түзүлөт жана Аткаруучуга маалымдалат. Андан ары  Кыргыз почтасы, курьердик кызматтар жана Аткаруучу жеткирүү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо жөнүндө келишимге ылайык сапаты талапка жооп бербеген товарды кайтарып берүү/кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүшөт.

6.8. Кардар сапатсыз Товарды талапка жооп берген ушундай эле Товарга алмаштырууну талап кыла алат.

6.9. Эгерде Аткаруучу сапатсыз Товарды талапка жооп берген Товарга алмаштырууга мүмкүнчүлүгү болбосо (ушул товардын башка нускасы сатууда түгөнүп калганда), Товарга төлөнгөн акчалай сумманы кайтарып берүү тууралуу талап,     5 (беш) иш күн ичинде канааттандырылууга тийиш.

6.10. Эгерде Кардар сатып алуу төлөмүн  «Visa», «Мastercard» жана «Элкарт» эл аралык төлөө карттары менен жүргүзүп, сапаты талапка жооп берген Товарга буйрутманы жокко чыгарган же Товарды алуудан баш тарткан учурда, андан акцепциз тартипте (кошумча билдирүүсүз) транзакциялар үчүн комиссиялык төлөмдүн жана салыктардын суммасы Кардардан төмөнкүчө кармалат:

- Банк тарабынан чыгарылган эл аралык төлөм карты боюнча комиссиялык төлөм суммасы 2,5% + комиссиялык төлөмдүн суммасынан  2%  сатуудан салык;

- башка банктар  тарабынан чыгарылган эл аралык төлөм карттары боюнча комиссиялык төлөм суммасы 3% + комиссиялык төлөмдүн суммасынан  2%  сатуудан салык.

6.11. «Visa», «Мastercard» жана «Элкарт» эл аралык төлөм системаларынын   6.10-пунктта көрсөтүлгөн, коммерциялык банктарга карата транзакцияларды өткөргөндүгү үчүн  колдонулуучу  комиссиялык төлөмдөрү коммерциялык банк тарабынан бир тараптуу өзгөртүлүшү мүмкүн. Салыктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүлөт.   

7 . ГАРАНТИЯЛАР ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

7.1. Аткаруучу Кардардын олдоксон колдонуусунан улам товарга келтирилген зыян  үчүн жооп бербейт. 

8 . ӨЗДҮК МААЛЫМАТТЫН КУПУЯЛУУЛУГУ ЖАНА КОРГОЛУШУ 

8.1. numizmat.nbkr.kg веб-сайтына каттоодо Кардар төмөнкүдөй милдеттүү маалыматтарды жазууга тийиш: Аты-жөнү, байланыш телефону, электрондук почтасынын дареги, веб-сайтка кирүү үчүн пароль.

8.2. Аткаруучу маалыматты төмөнкү максатта колдонулат: Кардарды веб-сайтка каттоо, Кардар алдындагы өз милдеттерин аткаруу, веб-сайттын ишине баа берүү жана иликтөө үчүн. 

8.3. Аткаруучу Кардардан алган маалыматты ачыкка чыгарбоого милдеттүү, эгер бул ушул келишим шарттарын аткаруу үчүн талап кылынбаса.

8.4. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык маалыматтын ачыкка чыгарылышы милдеттенмелерди бузуу болуп саналбайт.

8.5. Аткаруучу numizmat.nbkr.kg веб-сайтты пайдалануучунун ip-дареги тууралуу маалымат алат. Бул маалымат пайдалануучунун өздүгүн тактоо үчүн колдонулбайт.

8.6. Аткаруучу Кардар тарабынан  веб-сайтта жалпыга жеткиликтүү формада берилген маалыматтар үчүн жооп бербейт.   

9. ЖАНА БАШКА ШАРТТАР 

9.1. Кардар менен Аткаруучунун ортосундагы өз ара мамиле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат. 

9.2. Кардарда суроолор жана сын-пикирлер келип чыккан учурда ал Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгына numizmat.nbkr.kg веб-сайтынын «Байланыш маалыматтары» деген бөлүгүндө көрсөтүлгөн +996 312 66 92 19; 66 92 31; 66 92 63 телефондору, же   bmesengulova@nbkr.kg электрондук дареги боюнча  кайрылууга тийиш.  

10.3. Бардык талаш маселелерди тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу чечишет, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө мүмкүн болбосо, талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот органдарынын кароосуна өткөрүлөт.