Жусуп Баласагынга 1000 жыл

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 3 240.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 10 сом  
Металл (проба) Күмүш 925  
Cалмак 28,28 гр
Диаметр 38,61 мм
Сапат proof

Жазуу

«Жусуп Баласагынга 1000 жыл» коллекциялык монетасы 2016-жылдын 01 ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган. Бул монета Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын сактоо жана мындан ары өнүктүрүү максатында чыгарылган. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин Жусуп Баласагындын Кашкардагы күмбөзүнө түшүрүлгөн анын портрети жана Бурана мунарасынын фрагменти түзөт. Монетанын сол тарабына «Кутадгу билиг» поэмасынын аталышы чагылдырылган, ал алтын жалатуу технологиясынын жардамы менен аткарылган жана монетанын салмагы (28,28g) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Жусуп Баласагынга 1000 жыл» жазуусу берилген. 

Монетанын арткы бетинде Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» поэмасынан алынган саптар жана караханиддер доорунун архитектуралык эстелиги – кыргыз тоолорунун фонунда берилген Бурана мунарасы чагылдырылган. Жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөнкү жагында монетанын чыгарылган жылы (2016) жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу көрсөтүлгөн. 

Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ.  

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2024