«Өмүр сакчыларына таазим!»

  • Жеткиликтүү: В наличии
  • 880.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Монетанын өзгөчөлүктөрү
Номинал 1 сом
Металл (проба) Жез-никель
Cалмак 12 г
Сапат «Proof-like»
Кошумча технологиялар Ультра кызгылт-көк нур басмасы

Жазуу

«Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык жез-никель монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптердин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Монетанын жогору жагында  табияттын ойгонуп келе жаткандыгын билдирген таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырган. «Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында номиналы «1 с» берилген.

Жаратылыш мыйзамы менен адам өмүрү бир бүтүн жашоо булагы экендигин билдирген, адамдардын биримдигин өсүп турган дарак катары чагылдырган сүрөт монетанын арткы бетинин негизги сюжети болуп саналат. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2022