«Улуу Жеңишке 75 жыл»

  • Жеткиликтүү: Кампада
  • 3 270.00 сом

Мүнөздөмөлөр

Жазуу


Бир канча жылдар өтүп, кайсы бир окуялар тарых барактарынан өчсө дагы каардуу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында канын, жанын аябай салгылашкан, өз элинин эркиндиги үчүн курман болгон баатырлардын жасаган эрдиктери кийинки муундардын эсинде түбөлүккө сакталат.
    Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети тынчтыкты даңазалаган көгүчкөн түшүрүлгөн (күмүш монетасында голограмма түрүндө берилген), анын арткы фонунда -Рейхстаг дубалы Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин “Жеңиш автографтары” менен. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу, ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), салмагы (28,28 г), ошондой эле монетанын номиналы (10) жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин, сомдун графикалык белгиси – С чагылдырылган.
         Монетанын арткы бетинде «75» деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплекси түшүрүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу жана Кыргыз Республикасынын герби көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн жагында кайраттуулук менен эрдиктин символу катары гвоздика гүлү түстүү басма менен түшүрүлүп жана монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн.
Согуштун алгачкы жылдарында генерал-майор И.В. Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясынын душмандарга каршы сокку урган беттеши чечүүчү жана маанилүү салгылашуунун бири болуп саналат, алардын катарында кыргыз элинин эр жүрөк уулдары да бар эле. 28 панфиловчулардын мындай эрдиктери согуш жылдарында өзгөчө чечүүчү ролду ойногон. Эр жүрөк баатырлардын артка тартпас кайраты менен эрдиктери эл арасында уламыштарга айланып, алардын ысымдары тарых барактарында өлбөс-өчпөс бойдон түбөлүккө сакталып калды. 1975-жылы салгылашуу болуп өткөн жерде «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплекси орнотулган, ал салгылашкан алты улуттун өкүлүнөн болгон жоокерлердин элесин чагылдырган алты монументалдык эстеликтен турат.

Жеткирүү баасы

Дарек: Бишкек шаары, Бишкек өзгөртүү
Подождите, производится расчет доставки...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу веб-сайты © 2020